Университетибизде аткарылып жаткан социалдык долбоорлор алкагында 8-май күнү Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн жамааты студенттер менен бирге кампусубузду көрктөндүрүү максатында төрт чынар багынын көчөттөрүн отургузушту. Отургузулган көчөттөр кампусубуздун көркүнө көрк кошуп, мелүүндүлүктү тартуулайт. Иш-чарага активдүү катышкан студенттерибизге ыраазычылык билдиребиз.