2024-жылдын март айынын 25-29 күндөрүндө Ош шаарында Кыргыз Республикасынын университеттер арасында уюштурулган шахмат жарышуусунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин курама командасы 1-орунга ээ болушту. Жеңишке жетишкен курама команданын мүчөсү Табигый илимдер факультетинин Математика бөлүмүнүн биринчи курсунун студенти Азалия Мирлан кызы. Студенттибизди жеңиши менен куттуктап, ийгиликтеринин уланышын каалайбыз. Табигый илимдер факультетинин жетекчилиги.