2025-02-18

“Бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна даярдыгы: иш берүүчүлөрдүн пикири”


2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Табигый илимдер факультети Биология бөлүмү тарабынан “Бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна даярдыгы: иш берүүчүлөрдүн пикири” аталышындагы тегерек стол ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чара саат 13:30да башталып, билим берүү жана кесиптик даярдык маселелери боюнча маанилүү диалог аянтчасына айланды.
Тегерек столго иш берүүчүлөрдүн ар кайсы тармактагы өкүлдөрү катышты. Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Биология институтунун жана Улуттук фтизиатрия борборунун адистери, «Биовит» фармацевтикалык компаниясынын, Экспресс Плюс лабораториясынын өкүлдөрү, ошондой эле «Илбирс» коомдук фонду, «Маариф» билим берүү комплексинин жетекчилери өз ойлору жана сунуштары менен бөлүшүштү.
Катышуучулар бүтүрүүчүлөрдүн учурдагы эмгек рыногунун талаптарына даярдыгы, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билим берүү программаларын иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарына ылайыкташтыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, билим менен тажрыйбанын ортосундагы ажырымды жоюу үчүн ишканалар менен университеттердин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгы баса белгиленди.
Бул иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана билим берүү процессин эмгек рыногу менен тыгыз байланыштырууга багытталган маанилүү кадам болуп калды.