Шахмат боюнча өткөн универсиадада Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кыздар жана эркектер курама командалары мыкты оюн көрсөтүп, 1-орунду багындырышты. Мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар интеллектуалдык даярдыгын жана стратегиялык ой жүгүртүүсүн көрсөтүштү. “Манас” университетинин студенттери таймашта өздөрүнүн чеберчилигин далилдеп, ишенимдүү жеңишке жетишти. Жеңүүчү курамдын катарында Табигый илимдер факультетинин студенттери да бар: Садиров Эрлан — колдонмо математика жана информатика бөлүмү, 3-курс (UME-3) Ырысбай уулу Рузвель — колдонмо математика жана информатика бөлүмү, 2-курс (UME-2) Мирлан кызы Азалия — математика бөлүмү, 3-курс (MAT-3) Сатиева Таңсуу — колдонмо математика жана информатика бөлүмү, 2-курс (UME-2) Бул ийгилик университеттин студенттеринин интеллектуалдык потенциалы жогору экенин жана алар ар кандай деңгээлдеги мелдештерде дайыма алдыда экенин дагы бир жолу далилдеди.
