Бүгүн, 2026-жылдын 14-сентябрында, өлкөгө жана элге өзгөчө эмгек кылган жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан дарыгерлер, педагогдор, кесипкөй инженерлер, заман талабына ылайык келген жаңы кесип ээлери жана башкалар катышты.
Бул иш чарада Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан илимге узак жылдар боюу өз салымын кошкон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Табигый илимдер факультетинин деканы биология илимдеринин доктору, профессор Курманбекова Гүлбүбү Токтосуновна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку сыйлыгы — «Даңк» ордени менен сыйланды.
Табигый илимдер факультетинин жалпы жамааты профессор Гүлбүбү Токтосуновнаны мамлекеттик жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, ага бекем ден соолук, чыгармачылык дем, илимий-педагогикалык ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалайт!