2022-03-11

Менден кампусубузга бир салым


2022-жылдын 18-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Манас Технология борбору жана студенттик клубтар тарабынан уюштурулган “Менден кампусубузга бир салым” аттуу интеллектуалдык конкурста  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин табигый илимдер факультетинин “Биотехнология” магистрдик программасынын студенттери Бурмакан Акматова, Асел Жодарбекова, Урмат Казыбеков, Таттыгүл Сабыркулова жана Айжан Мурзакановалар үчүнчү орунду алышты. Аларга  ыраазычылык  билдирип, сыйлыктары менен куттуктайбыз. Бул иш-чара табигый илимдер факультети менен  биотехнология илим изилдөө борборунун колдоосу менен ишке ашты.