2022-03-15

Биоинформатика семинары


Кыргызстанда алгачкы жолу Санкт Петербургдагы ИТМО (Институт точной механики и оптики) университетинин биоинформатика мектебинин адистери тарабынан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн жана Инженердик факультеттин компъютердик инженерия бөлүмдөрүнүн базасында окутуучулар, докторанттар жана магистранттар үчүн “Биоинформатика” боюнча семинар-тренинг өткөрүлүүдө. Тренингде: биоинформатиканын негиздери, маалыматтар базасы, геномика, филогенетика, метагеномика жана транскриптомика сыяктуу темалар каралат.

Тренингге сырттан “Жогорку медициналык мектебинин” жана “Молекулярдык биология жана медицина илимий изилдөө институтунун” адистери да катышууда. Тренингдин өткөрүлүү мөөнөтү: 12.09.2022ж. – 16.09.2022ж.