2022-04-26

Маариф билим берүү комплексинде иш-чара


2022-жылдын 20-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Табигый илимдер факультетинин Математика бөлүмүнүн окутуучулар жамааты Маариф билим берүү комплексинин окуучуларынын арасында уюштурулган “Табигый илимдер турмушубузда” аттуу көргөзмө-конкурска катышышты. Биздин жамаатты Маариф билим берүү комплексинин директору Метин Кылыч, координатору Акматов Кыялбек, директордун орун басары Абылгазиев Кайрат, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Самсалиев Адилет жана математика мугалими, университетибиздин Математика, Колдонмо математика жана информатика бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүсү Алмасбек кызы Бегимай жана практиканттарыбыз жылуу маанайда тосуп алып, окуу жай менен кенен тааныштырышты. Математика бөлүмүнүн магистранттары тарабынан окуучулардын арасында математикалык викторина өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, Маариф билим берүү комплекси менен университетибиздин ортосундагы келишимдин негизинде Математика бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери учурда педагогикалык практикадан өтүп жатышат.