КТМУнун «Кѳк-бөрү» курама командасы түзүлдү


  • 2021-08-13

КТМУда үстүбүздѳгү жылдын 13-августунда эрендердин эр оюну кѳк-бѳрү оюнунун биринчи оюну университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейландын катышуусунда болуп ѳттү.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан кѳк-бѳрү оюну боюнча мындай деди: "Үстүбүздөгү көк асман, алдыбыздагы кара жер жарылмайынча салтанатты эч ким токтото албайт”, - деп айтып келип,

“Биз шаарыбызды, каада-салтыбызды жана ата-бабалардан келе жаткан маданиятыбызды сактап калуу максатында окуу жайыбыздын “Көк-бөрү” курама командасын түздүк. Учурда оюн талаасын даярдоо иштери жүрүп жатат, ал даяр болгондо кѳк-бѳрү оюну башталат. Биздин бирден-бир максатыбыз жаштарды манкуртташтырбоо, ата-бабалардан калган улуттук спорттук оюндарды сактоо жана аларды кийинки мууундарга жеткирүү аны даңазалоо болуп саналат. Команданын капитаны жана кѳк-бѳрү оюну боюнча устат Уланбек Алимовго эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле мындай мүмкүнчүлүктү түзүп, колдоо кѳрсѳткѳнү үчүн ТИКАга ѳзгѳчѳ ыраазычылык айтам", -деди.

Белгилей кетсек, университеттин “Көк-бөрү” командасынын спорчуларынынформалары ТИКА тарабынан даярдалды.

Учурда окуу жайда салттуу спорт оюндарын даңазалоо, айрыкча жаштардын бул тармакка болгон кызыгуусун арттыруу аракеттери көрүлүүдө. Ч.Айтматов атындагы кампуста салттуу спорттук жана оюн машыгуу талааларынын курулушу жүрүп жатат. Оюн талаасы даяр болгондо көк-бөрү, найза жана жаа атуу сыяктуу улуттук оюндары боюнча мелдештер өткөрүлмѳкчү.

Ошондой эле университеттин Салттуу оюндар жана спорттук изилдөө институтунда салттуу спорт оюндары илимий жактан изилденип, дүйнө жүзүнѳ жайылтуу иштери жүргүзүлмѳкчү.

    Социалдык медиада бөлүшүү