Ректор Саймалуу-Ташты изилдѳѳгѳ чакырды


  • 2021-08-17

Үстүбүздѳгү жылдын 9-10-августунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан түрк элдеринин тарыхый мурастарынын бири болгон Саймалуу-Ташка барып келди.

Ректор “Медиа Манас” борборуна берген маегинде Саймалуу-Ташты - түрк маданий-тарыхынын жүрөгү деп атады жана аны байыркы бабаларыбыздын руханий маданиятын чагылдырган жер деп билишибиз керек деди. Ошондой эле ал дүйнѳнүн эч бир жеринде кездешпеген мындай уникалдуу сүрѳттѳрдү изилдѳѳ керектигин баса белгилеп, бардык түрк окумуштууларын Саймалуу-Ташты изилдѳѳгѳ чакырды.

Белгилей кетсек, Саймалуу-Ташты дүйнөгө таанытуу максатында КТМУда Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги менен биргеликте изилдөөлөрдү өткөрүү пландалууда.

Саймалуу-Таш деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктиктеги Тянь-Шань тоолорунда жайгашкан. Бул жерде петроглифтер чегилген таштардын саны жүздөн ашуун. Сүрөттөрдө негизинен, тоо текелер, бугулар жана аңчылар чагылдырылган. Айрым таштарда иттер менен аңчылык кылуу учуру тартылса, айрым сүрөттөрдө аттар менен аңчылык кылып жүргөн көрүнүштөр тартылган. Саймалуу-Таш петроглифтери түрк маданияты эле эмес, дүйнөлүк цивилизация үчүн да маанилүү жана ал байыркы түрк маданиятын жарык кыла турган жалгыз археологиялык мурастардын бири болуп саналат.

    Социалдык медиада бөлүшүү