Экономика университетине китептер берилди


  • 2021-10-14

2021-жылдын 14-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университети Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин илимий китепканасына китептерди белекке берди.

Китепканага жалпысынан 495 китеп белекке берилди: 245 “Аналитикалык геометриянын элементтери”, 150 “Математика”.

Китептер ректораттагы жолугушууда китепкана кызматкерлерине тапшырылды.

Китеп тапшырууга  проректор, профессор Анварбек Мокеев жана Табигый илимдер факультетинин математика бөлүмүнүн башчысы, профессор Анаркүл Урдалетова, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин атынан ректордун орун басары Гүлназ Супаева, илимий китепкананын директору Акинай Карымшакова жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Манас Кадыралиев катышты.

                                                                                                              МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү