Ректор Алпаслан Жейланга ыраазычылык каты тапшырылды


  • 2021-10-08

2021-жылдын 7-8-октябрында Бишкекте өткөн Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндѳрүндө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулованын катышуусунда бир катар инсандарга жана өнөр адамдарына ыраазычылык каты тапшырылды.

Ушул иш-чарада Казак Республикасынын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова кыргыз жана казак элинин маданиятына бараандуу салым кошкондугу үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык катын тапшырды.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/lang-ky/3873-rektr-ceylana-teekkr-belgesi-takdim-edildi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү