“Мирас” университети менен кызматташуу


  • 2021-09-29

Ректорубуз, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректорубуз, профессор Асылбек Кулмырзаев жана баш катчы, доцент Октай Өзгүлдүн Азербайжандагы түрдүү мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуулары уланууда.

Бакудагы бүгүнкү жолугушууда Казакстандын Шымкент шаарында жайгашкан “Мирас” университети менен ар түрдүү кызматташуулар боюнча келишим түзүлдү.
Ректор, профессор Болат Мирзалиев Түрк дүйнөсүнүн санариптик жарандык долбоорунун кызыкдар тарап катары протоколго кол койду.
Ректор Болат Мирзалиев бул долбоордун катышып жатканына абдан кубанычта болгонун жана Кыргыз-Түрк “Манас”университети менен ар кандай кызматташууга ачык экенин айтты.
Ректорубуз, профессор Алпаслан Жейлан Түрк дүйнөсүнүн университеттеринин ортосундагы кызматташтык түрк элинин, айрыкча жаштардын боордоштугунун бекемделишине, илимдин салымы менен өлкөлөрдүн андан ары өнүгүшүнө, көптөгөн инновациялык мүмкүнчүлүктөргө алып келерин, биримдиктен күч жараларын айтты.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/lang-ky/3862-miras-niversitesi-le-birlii-protokol.html

    Социалдык медиада бөлүшүү