Манаста Түрк тили күнү белгиленди


  • 2021-09-29

2021-жылдын 28-сентябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түрк тили күнүнүн 89 жылдыгына арналган иш-чара болуп ѳттү.

Иш-чара Гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага университеттин жетекчилиги жана окутуучулар, студенттер катышты.

Иш-чаранын ачылыш сѳзүндѳ университеттин окуу иштери боюнча проректору, профессор Анварбек Мокеев түрк тили эң байыркы тилдердин бири экенин баса белгилеп, түрк тилинин тарыхтагы орду менен маанисине токтолду. Ошондой эле түрк тили күнүн бир гана Түркияда эмес, бардык түрк тилдүү элдер үчүн да майрам катары көрүлүшү туура болоорун жана ал тил бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө кабыл алынган адабияттын, илимдин жана искусствонун тили экенин баса белгилеп айтты.

Андан кийин Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Ахмет Беше түрк тилинин 89 жылдыгы менен бардык түрк тилдүү мамлекетин куттуктап, мындай деди:

«Улутту улут кылган нукура касиет жана баалуулук, албетте – бул тил. 1932-жылы 12-июлда республикабыздын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн жетекчилиги астында "Түрк тилин иликтөө коому" деген ат менен түзүлгөн “Түрк тили мекемеси” бүгүнкү күндѳ кѳптѳгѳн иштерди жасап, түрк тилинин өнүгүшүнө чоң салымын кошуп келе жатат. "Түрк тилин иликтөө коому" 1932-жылдын 26-сентябрында биринчи Башкы Ассамблеясын өткөрүп, бул күндү "Тил күнү" деп жарыялаган. Коом 1934-жылдагы конгрессте "Түрк тили изилдөө институту"деп аталып, 1936-жылдагы конгрессте "Түрк тили институту" катары катталган.

Түрк тили күнүнүн 89 жылдыгы менен бүтүндөй түрк элин, өзгөчө биздин балдарыбызды жана жаштарыбызды, бардык түрк тилдүү мамлекеттерин куттуктайм. Бул  тил Ахмет Ясеви, Юнус Эмре, Хажы Бекташ Вели, Мехмет Акиф Эрсойдун чыгармаларын дүйнѳгѳ тааныткан тил, биз аны мурас катары бекем сактапкийинки муундарга татыктуу өткөрүп беришибиз керек. Андыктан тилибизге кам көргөн Мустафа Кемал Ататүрк, Кашгарлы Махмут, Алишер Новаи, Юнус Эмре, Исмаил Гаспыралы, Ѳмер Сейфеттин, Чынгыз Айтматовду жана башка белгилүү инсандарды урматтоо менен эскеребиз".

Ачылыш сѳздѳрүнѳн кийин илимий баяндамалар окулду жана иш-чаранын катышуучулары кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү