Министрдин орун басары Демиржан Манаста


  • 2021-10-25

2021-жылдын 25-октябрында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах Демиржан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болду

Ректоратка болгон иш сапарга Министрдин орун басары Ахмет Мисбах Демиржан, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган, кинотеатрдын башкы директорунун орун басары Эркин Йылмаз, китепканалардын башкы директорунун орун басары Танер Бейоглу катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлик тарабынан басылып чыккан китептерди университетке өткөрүп берүү, министрликтин буйругу менен даярдалган телевидение/кино жөнүндөгү материалдарды Манас телевидениеси менен бөлүшүү, Министрлик тарабынан уюштурулган Коркут Ата кинофестивалына келерки жылдан тарта университеттин активдүү катышуусу, Түрк университеттер биримдигине мүчө университеттер менен маданият, искусство жана башка тармактарда кызматташуу маселелери талкууланд.

                                                                                                          МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү