Студенттер үчүн окуу жылынын ачылыш программасы


  • 2021-10-20

2021-жылдын 20-октябрында ачык спорт аянтчасында студенттер үчүн 2021-2022-окуу жылынын ачылышы программасы болду.

Программанын алдында студенттерге ректорат тарабынан түшкү тамак берилди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаевдин сөзү менен башталган программа таланттуу студенттердин ыр-бийлери менен уланды. 2021-2022-окуу жылынын ачылыш программасына Кыргызстандын белгилүү ырчылары Гүлзада Рыскулова, Жийдеш жана Тамга да келип жакшы маанай тартуулашты.

Программа МЕДИАМАНАС аркылуу бүт өлкөгө түз эфирде көрсөтүлдү.

                                                                                                            МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү