Манаста "10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнү"


  • 2021-11-10

2021-жылдын 10-ноябрында Ректораттын жыйындар залында өткөрүлгөн программа бир мүнөттүк эскерүү жана эки өлкөнүн улуттук гимндерин ырдоо менен башталды.

Программанын алдында Ректораттын көргөзмө залында «Ататүрк фото жана документтер менен» көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Гуманитардык факультетинин деканынын орун басары, профессор Ахмет Беше ачылыш сөзүн профессор Алпаслан Жейландын Ататүрктү ырайым, урмат-сый жана ыраазычылык менен эскергенин билдирүү менен баштап, “Өзүн улутуна арнаган; улутунун жүрөгүндө жашоосун улантууда. Ата-бабабыз калтырган нур азыркыга чейин жолубузду жарык кылып турат. Ал мындан ары да жаркырай берет»-деди.

Тарых кафедрасынын башчысы, профессор Жээнбек Алымбаев, «Ататүрктүн Түркстандагы замандаштары: Эгемендүүлүк үчүн күрөш (1917-1924)», Тарых кафедрасынын окутуучусу, доцент Алпаслан Ашык  «Ататүрктүн лидерлик түшүнүгү» темасында баяндама жасашты.

Программа Көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган концерт менен аяктады.

                                                                                                                  МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү