Medical Park Анталиянын дарыгерлери Манаста семинар өткөрүштү


  • 2021-11-11

2021-жылдын 11-ноябрында  Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан уюштурулган семинарда Түркиянын кадыр-барктуу саламаттыкты сактоо мекемелеринин бири болгон Medical Park Анталия оорукана комплексинин дарыгерлери кыргызстандык кесиптештери менен кесиптик билими жана тажрыйбасы менен бөлүштү.

Семинарга Medical Park Анталиянын нефрология адиси, профессор Хавва Асуман Явуз, Эл аралык бөлүм башчысы, доктор Алпер Өзалп, органдарды трансплантациялоо координатору, доктор Левент Йүчетин, Эл аралык өнүгүү бөлүмүнүн куратору, доктор Азиз Бешимов келди.

Ачылыш сөзүндө проректор, профессор Анварбек Мокеев: «Өзгөчө акыркы жылдары бөйрөк оорусуна чалдыккан жарандарыбыз чет өлкөлөргө барып дарыланышат. Түркияда саламаттыкты сактоо тармагы абдан өнүккөн экенин билебиз. Түркиядан келген профессорлорубуздун кыргыз кесиптештери менен маалымат бөлүшүүлөрү бул жактагы дарылоодогу акыркы жаңылыктарды билүү жагынан да маанилүү”-деди.

Азиз Бешимов модератордук кылган семинарда, доктор Левент Йүчетин, “Органды трансплантациялоо деген эмне? Орган донору деген эмне? Түркияда органдарды трансплантациялоо мыйзамы»; профессор Хавва Асуман Явуз «Бөйрөк жетишсиздигин дарылоонун заманбап ыкмалары» деген темада баяндама жасашты. Семинарга Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

                                                                                                                        МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү