"Түрк мамлекеттеринин уюмуна" ийгилик!


  • 2021-11-14

Президентибиз Режеп Тайип Эрдогандын Түрк дүйнөсүнүн лидерлеринин катышуусунда өткөн Түрк Кеңешинин Мамлекет башчыларынын 8-Саммитинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын « Түрк мамлекеттеринин уюму” кылып  өзгөртүү жана Түрк мамлекеттеринин орток кызыкчылыктары бар стратегиялык документтин негизинде “Түрк дүйнөсү 2040 көз карашын” кабыл алуу чечими пайдалуу болот деп ишенебиз.

Түрк дүйнөсүнө чын көңүлү менен кызмат кылуу ураанына ээ болгон Кыргыз -Түрк «Манас» университети жамааты катары биз ишенген Түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана боордоштугун бекемдөө үчүн болгон күчүбүз менен аракетибизди улантабыз. Түрк дүйнөсүнүн келечегинин куруучулары жана 21-кылымда түрк элинин мөөрүн басуучу жаштарыбызды чын жүрөктөн, илимдин, улуттук жана руханий баалуулуктарыбыздын нурунда тарбиялоону улантабыз.

                               Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жамааты

    Социалдык медиада бөлүшүү