“Билим берүүдөгү жаңы усулдар жана ыкмалар” семинары


  • 2021-11-15

2021-жылдын 15-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Билим берүүдөгү жаңы усулдар жана ыкмалар” аталышындагы семинар болуп өттү.

Окутуу кызматкерлери үчүн уюштурулган семинардын алдында Гуманитардык факультетинин деканынын орун басары, профессор Ахмет Беше жана башкы катчы, доцент Октай Өзгүл сөз сүйлөдү.

Семинарда теология факультетинин деканынын орун басары, профессор Режай Доган, "Натыйжалуу сабак процесси иш-аракеттери";

Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк пограммасы кафедрасынын окутуучусу, профессор Мехмет Ариф Өзербаш “Класстагы эффективдүү баарлашуу ыкмалары”;

профессор Күршат Йылмаз “Үйрөнүү-үйрөтүү процесстериндеги баалоо жана ишке ашыруу аракеттери”;

Доцент Эркан Эфилти “Студенттерди таануу жана түшүнүү техникалары” деген темаларда баяндама кылышты.

                                                                                                              МЕДИАМАНАС

 

    Социалдык медиада бөлүшүү