Манастык режиссер Сүйүндүков Лос-Анжелесте сыйлык алды


  • 2021-11-13

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин окутуучусу, режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Лос-Анжелес шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк Азия кинофестивалында сыйлыкка татыды.

 “Шамбала” тасмасы көптөгөн эл аралык сыйлыктарга ээ болуп, бул жылы Кыргызстандын атынан “Оскар” сыйлыгына Оскар комитети тарабынан көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин режиссер MEDIAMANAS тын түз эфирлеринде конок болуп, тасманын тартылуу процессин, жетишкен ийгиликтери тууралуу маек берген.

                                                                                                              МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү