ФЕТО тууралуу семинар өтүлүүдө


  • 2021-11-17

2021-жылдын 16-18-ноябрь аралыгында Түркия Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Түркия Республикасынын Бишкек шаарындагы Элчилиги тарабынан Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекет (ФЕТО/ПДЙ) түзүлүшү боюнча семинар өткөрүлдү. Анда Контрабандага жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Окан Каплан жана ИИМ башчысы, Терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Эртугрул Учар, катышуучуларга жайгашкан өлкөлөргө чоң зыян келтирген ФЕТО тууралуу маалымат беришти.

Бул темадагы семинар буга чейин да өткөрүлгөн. Анда докладдар жасалып, катышуучулардын суроолоруна жооптор берилген.

Кийинки семинар мекемелердин, бейөкмөт уюмдардын жана басма сөздүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт.

                                                                                                                           МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү