Студенттерге сертификат тапшырылды


  • 2021-11-17

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин инженердик факультетинин Электрондук инженерия  жана Өнөр жай инженериясы бөлүмдөрүнүн бир катар студенттери «Жетишкендик» сертификатына ээ болушту.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Акыркы эки окуу жылынын орточо баасына карата  баалоонун натыйжасында эң жогорку балл алган студенттерге  сертификат тапшырышты.

                                                                                                                           МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү