Алтын сертификатка ээ болгон студенттер менен жолугушуу


  • 2021-11-19

Үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор. Алпаслан Жейлан жана проректор, пофессор Анварбек Мокеев ар башка жылдарда алтын сертификатка ээ болуп Манасты тандаган студенттер менен тамактанып, баарлашты.

Жолугушууда студенттердин ар кандай маселелер боюнча ой-пикирин угуп, Манаста студенттердин идеяларына өзгөчө маани беришээрин баса белгилешти.

Кыргызстанда орто билим алуу учурунда жогорку жетишкендиктерге ээ болгон окуучулар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген алтын сертификат алууга укуктуу. Алтын сертификатка ээ болгон студенттер Кыргызстандын жогорку окуу жайын экзаменсиз эле тандай алышат.

                                                                                                                             МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү