Сезай Каракочту эскерүү


  • 2021-11-23

2021-жылдын 23-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өлбөс  акын Сезай Каракочту эскерүү кечеси болуп өттү.

Гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан ректораттын жыйындар залында өткөрүлгөн программага академиктер жана студенттер катышты.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: «Маданиятыбыз, искусствобуз Түрк дүйнөсүнүн 10 жарым миллион чарчы километрдик аянтында камтылган. Бул жерде биздин сезимдерибизди, кубанычтарыбызды, кайгыларыбызды, ой дүйнөбүздү чагылдырган ырларыбыз бар. Өтө баалуу акындар өсүп чыкты. Алардын бири маркум Сезай Каракоч”-деди.

Иш чара Сезай Каракочтун өмүр баяны жана чыгармачылыгы тууралуу кыскача маалымат берүү менен уланды.

Түркология кафедрасынын окутуучулары профессор Озан Йылмаз, “Сезай Каракоч ойчул катары”; доцент Халит Ашлар «Экинчи жаңы акын катары Сезай Каракоч» деген темада баяндама жасашты

                                                                                                                  МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү