2-декабрь күнү аталган университеттин Маданият борборунда уюштурулган КТМУнун 25 жылдык мааракесине:
25 жылдыктын негизи
Маараке Манас ТВ, радиосунан жана МедиаМанас ютуб каналынан түз эфирде көрсөтүлдү. Андан сырткары Түркиялык жана жергиликтүү каналдарда да чагылдырылды.
Иш чара эки өлкөнүн улуттук гимндери менен башталып атайы чакырылган сыйлуу конокторго куттуктоо сөздөрү ыйгарылды.
Чыгып куттуктоо айткан меймандардын ичинен Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарымдуу элчиси Ахмет Садык Доган мырзанын: “Манас университети ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн жетегинде Кыргызстандын жана Орто Азиянын өнүгүүсүнө зор салым кошууда” деген сөзү бекем колдоого арзыды.
Ал эми КРнын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калыс Шадыханов университеттин 25 гана жылдык тарыхы бар жаш окуу жай экенине карабай жасаган иштери боюнча өтө алдыда экенин баса белгилеп кетти.
Ректор Проф.докт. Алпаслан Жейлан болсо: “Азырынча 25 жылдык чынарбыз. Мен ишенем 500 жылды дагы карытка окуу жай болобуз. Ошол учурда биздин ордубузга башкалар чыгып куттуктайт”,-деп сөзүн баштап, 2040-жылдарга карата университеттин билим берүү тармагында кандай пландар коюлуп, аларды ишке ашырууда эмне деген стратагиялар иштелип жаткандыгы менен бөлүшө кетти.
Мааракеге келген көпчүлүктү КТМУнун Камкорчулар Кеңешинин төрагасы проф.докт. Фахреттин Алтун жиберген кызуу куттуктоо толкундантты. Ал куттуктоодо Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Манас университетине карата айткан жылуу пикирлери жазылган. Аны менен бирге Кеңештин кадырлуу төрагасы: “Манас университетин Улуу түрк дүйнөсүнө кызмат кылуу максатында ачылган эле. Ачылган күндөн тарта 25 жылдын ичинде өз максатын мыкты аткарып, Түрк дүйнөсүнө өзүнүн бүтүрүүчүлөрү, мүмкүнчүлүктөрү менен өтө жогорку деңгээлде кызматын сунуп келе жатат”,-деп жазган.
Чакырылган ар бир конок окуу жайдын 25 жылдыгына карата кызуу куттуктоолорун айтышкан соң, атайы ала келген сыйлык-медалдарын билим берүүгө кошкон салымы үчүн деп бирде окуу жайга деп арнашса, бирде окуу жайдын ректору проф.докт. Алпаслан Жейлан агайдын өзүнө ыйгарып кетишти.
25 жылдык мааракенин жүрүшүн КРнын Эл артисти Курмангазы Азыкбаевге окшогон чыгаан өнөрпоздордон баштап, окуу жайдын өздүк көркөм чыгармачылыгынын таланттуу жаштарына чейин колдоп-коштоп ыр-бийлерин тартуулашты.
Эл Аралык деңгээлдеги мартабалуу Манас университетинин 25 жылдык мааракеси окуу жайдын гимни менен жыйынтыкталды.
MEDIAMANAS
http://mediamanas.kg/lang-ky/3942-ktmnn-kuruluunun-25-yl-dnm-cokuyla-kutland.html