Элчиликке сапар


  • 2021-12-02

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Азербайжандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандиловду жаңы кызмат орду  менен куттуктап барды.

Ректор  Алпаслан Жейлан эки өлкөнүн жылуу мамилеси  боордош Кыргызстанда уланып жатканына кубанычта экенин билдирди.

Сапардын жүрүшүндө билим берүү, экономика жана маданият тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, мекемелердин бири-бирине колдоо көрсөтүү боюнча пикирлери талкууланды.

МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү