Монголиянын элчилигине сапар


  • 2021-12-06

2021-жылдын 6-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Монголиянын Кыргызстандагы элчилигине иш сапары менен барды.

Иш сапарга ректордун кеңешчиси, профессор  Серхат Бурмаоглу жана монголиялык «Манастын» студенти Раиса Отко Йерланбиг да катышты.

Элчи Ганхуяр Содном бул иш сапар аны абдан кубантканын, жогорку сапаттагы билим берген Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде монгол студенттери окуп жатканына абдан ыраазы экенин билдирди.

Ректор Жейлан буга чейин Монголияда илимий изилдөөлөр үчүн болгондугун, бул изилдөөлөрдү уланта турганын, Монголиянын элчилиги менен ар тармакта кызматташууга ачык экендиктерин жана мындан ары карым-катнаштардын тыгыз деңгээлде улана турганын баса белгиледи.

МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү