Кызылорда университети менен кызматташуу


  • 2021-12-03

2021-жылдын 2-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин  негизделгендигинин 25 жылдыгына карата уюштурулган майрамдык программага Коркут Ата атындагы Кызылорда университетинин  ректору Бейбитгүл Каримова катышты. Бишкеке ректор, профессор Алпаслан Жейланга Кызылорда университетинин медалын тапшыруу үчүн келген ректор андан соң университеттин сенатынын мүчөлөрү менен жолугушту.

 Жолугушууда эки университет биргелешип жасай ала турган долбоорлор талкууланды. Ректорлор көп тармакта кызматташууга макулдашышты.

МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү