Семинар: “Кыргызстан жана Экотуризм”


  • 2021-12-08

2021-жылдын 8-декабрында КТМУнун туризм факультетинин саясат иши жана гид кызматы бѳлүмү тарабынан “Кыргызстан жана Экотуризм” деген аталышта семинар болуп ѳттү.

Иш-чаранын ачылышында туризм факультетинин деканы, профессор Йасин Бойлу сөз сүйлөдү жана семинардын модераторлук ишин саясат иши жанат гид кызматы бѳлүмүнүн башчысы, доцент Бакыт Турдумамбетов алып барды.

Семинарда Кыргызстандагы туризм, экотуризмдин абалы жана потенциалы жөнүндө сѳз болду. Семинардын коноктору Коомчулукка негизделген туризм (СВТ) кыргыз ассоциасынын мүдүрү Асылбек Ражиев жана Кыргыз туроператорлор ассоциасынын (КАТО) президенти Сергей Глуховеров велотурлар, тоолорго жөө жүрүү жана альпинизм, лыжа спорту, "жайлоо-туризми" ж.б ушу сыяктуу экотуризмдин өзгөчөлүктөрүн белгиледи.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү