КТМУда Чыңгыз Айтматов эскерилди


  • 2021-12-09

9-декабрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде көркөм өнөр факультети, гуманитардык факультети жана коммуникация факультети тарабынан уюштурулган залкар жазуучу, даанышман-ойчул, гуманист Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнѳ арналган эскерүү кечеси болду.

 Иш-чара коммуникация факультетинин профессору Манасбек Мусаевдин “Чыңгыз Айтматов сүрөттөрдө” деген аталышта сүрөт көргөзмөсү менен ачылды жана Чыңгыз Айтматов тууралуу даректүү тасманын кѳрсѳтүлүшү менен башталды.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, окуу жайдын окутуучулары жана студенттер катышты.

Кечеде гуманитардык факультетинин түркология бѳлүмүнүн профессору Лайли Үкүбаева “Айтматовдун адам концепциясы жана азыркы учур” жана көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Тыналиева “Инсандын өнүгүү жолунда искусствонун таасири” деген темада баяндама жасашты.

Кеченин соңунда көркөм жетекчиси, Кыргыз эл артисти Калича Сейдалиеванын жетекчилиги менен театралдык искусство бөлүмүнүн студенттеринин аткаруусунда Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде түзүлгөн композицияга орун берилди.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү