Ректор «Ата-Бейитте» Айтматовду эскерди


  • 2021-12-12

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүндѳ «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Ч.Айтматовдун мүрзѳсүнѳ гүл коюп, эскерди. Куран окутулду.

Ректор жазуучунун кичүү уулу Эльдар Айтматов жана кыргыз жазуучулары менен баарлашып, ѳз сѳзүндѳ Ч.Айтматовдун «Баарынан да адам үчүн эң кыйыны күн сайын адам болуу» деген асыл сѳзүн күндѳ кайталап эскереерин жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети жаштарды жазуучунун чыгармаларындагы адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктар аркылуу тарбиялап, окутаарын баса белгиледи.

Ошондой эле ректор ЭЛТР мамлекеттик каналына да репортаж берип, Ч.Айтматовго арналып университетте илимий жана маданий иш-чаралар ѳтүп жатканын белигилеп айтты.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү