Студенттер арасында "Айтматов-фиеста" фестивалы ѳттү


  • 2021-12-10

Үстүбүздѳгү жылдын 10-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде кыргыздын улуу жазуучусу, ойчулу, коомдук жана мамлекеттик ишмери Ч.Айтматовдун 93-жылдыгына арналган “Айтматов - Фиеста” аттуу жогорку окуу жайлардын арасында студенттердин жалпы республикалык фестивалы болуп ѳттү. Фестиваль гуманитардык факультети, чыгыш тилдер бөлүмү (“орус тили жана адабияты” программасы  жана “кытай тили жана адабияты” программасы) жана Конфуций институтунун демилгеси менен өткөрүлдү.

Фестивалдын максаты - студент жаштарды Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын билүүгө кызыктыруу, студенттерди бири-бири менен жакындаштыруу, алардын лидерлик сапаттарын тарбиялоо, эң мыкты жана демилгелүү студенттерди алкоо болуп эсептелет.

Фестивалдын ачылыш аземине Ч.Айтматовдун бир тууган карындашы, профессор Роза Айтматова, университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, академик А.Акматалиев, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Ахмет Беше, түркология бѳлүмүнүн профессору Лайли Үкүбаева, чыгыш тилдери бѳлүмүнүн башчысы, академик Осмонакун Ибраимов, кара кылды как жарган калыстар тобу, жалпы республиканын ЖОЖдорунан келген студенттер, университеттин окутуучулары, студенттер жана медиа ѳкүлдѳрү катышты. 

Фестивалдын ачылышы университеттин таанытуу жана Чыңгыз Айтматов жѳнүндѳ документалдык тасманын кѳрсѳтүлүшү менен башталды.

Фестиваль бир күндө үч багытта жүргүзүлдү. Биринчи багыты: “Айтматовдун чыгармаларын ролдоштуруп  көркөм окуу”. Катышуучуларга талап: жазуучунун чыгармаларынан ролдоштуруп  3 мүнөттүк  көркөм окуу даярдоо (музыкалык коштоо, реквизиттери менен болушу). Экинчи багыт “Менин Айтматовум” деп аталып, алдын-ала даярдалган кыска оозеки тезистерден турду. Аталган оозеки тезистердин маңызы – студенттин жеке өзүнүн Айтматов дүйнөсүн оригиналдуу кабылдоосун көрсөтүүсү. Ал эми үчүнчү багыты “Айтматов-викторинасы” деп аталды.

Фестивалдын аягында үч багыттын тең жыйынтыгы чыгарылып, бардык номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аталды.

«Айтматов-фиеста» Гран-приси Беглеров Дастан (Талас мамлекеттик университети) татыктуу болду (бир номинация - 3000 сом + акылдуу саат менен сыйланды).  

1-орунга 2 студент татыктуу болду: Койчуев Батыр (Б.Ельцин атн. кыргыз-орус Славян университети), КТУ “Манас” командасы (Кыргыз-Түрк “Манас” университети), (үч багыттын тең жыйынтыгы жана номинациялары боюнча - 2000 сом + наущник).

2-орунга 4 студент: Ырыскелди кызы Айгерим (Ысык Көл университети), Көчөров Сыймык (И.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети), Токтосунова Фируза (Талас мамлекеттик университети), И.Арабаев атн. университети командасы (И.Арабаев атындагы КМУ), (1500 сом + наущник)

3- орунга – 6 студент: Сакенова Гүлкайыр (И.Рыскулбеков атн. Кыргыз экономикалык университети), Чайчибекова Аклай (Кыргыз-Түрк “Манас” университети), Доманова Маргарита (Б.Ельцин атн. кыргыз-орус Славян университети), Бөрүбек уулу Самаган (И.Арабаев атн. КМУ), Аристова Анастасия (И.Рыскулбеков атн. Кыргыз экономика университети, Команда Кассандра (Кыргыз-Түрк «Манас» университети),  (1000 сом + наущник).

Ал эми фестивалдын үчүнчү багыты “Айтматов-викторинасы” деп аталып, анда жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына байланыштуу ар кандай суроолор берилди. Эң активдүү катышуучулар менен кѳрүүчүлѳр китептер менен сыйланышты.

«Айтматов-фиеста» фестивалынын жыйынтыгында катышуучуларга  сертификаттар берилди.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү