Жогорку технологиялар паркы менен кызматташуу


  • 2021-12-13

Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Жогорку технологиялар паркынын ортосунда кызматташуу протоколуна кол коюлду.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Чубак Темиров кол койгон протоколдун алкагында университетте Инкубация борборун ачууга жол ачылды. Ишкердиктин экосистемасынын түзүлүүсүндө маанилүү кадам болгон Инкубациялык борбору менен студенттерге ишкер болуу үчүн алгачкы кадамдарын коопсуз таштай турган чөйрө түзүлдү.

МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү