“Санарип иллюстрация” көргөзмөсү ачылды


  • 2021-12-13

2021-жылдын 13-декабрында Көркөм өнөр факультетинин графика бөлүмүнүн окутуучусу Үмит Дикмендин эмгектеринен турган көргөзмөнүн ачылышы болду. Курманжан Датка сүрөт галереясындагы көргөзмөнүн ачылышына ректор, профессор Алпаслан Жейлан, декандар, окутуучулар жана студенттер катышты.

Профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө: «Көркөм өнөр ар дайым бир улуттун кан тамыры. Университетибиздин кан тамыры – көркөм өнөр факультетибиз. Биз алардын жетишкендиктери менен сыймыктанабыз. Алар биргелешип жакшы иштерди жасарына ишенебиз”- деди.

Үмит Дикмен MEDIAMANAS кабарчысы менен болгон маегинде көргөзмөдөгү эки эмгектин, өзгөчө Күлтигин менен Тимурдун портреттери өзгөчө өзгөчөлүккө ээ экенин жана бул эки эмгектин жүзүн моделдөөнүн мурда жасалбаганын баса белгиледи.            

МЕДИАМАНАС

    Социалдык медиада бөлүшүү