КТМУнун мыкты студенттери президенттик стипендияга татыды


  • 2021-12-14

КРнын Президенти Садыр Жапаров 14-декабрда 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган студенттерге салтанаттуу түрдө президенттик стипендия тапшырды.

Мыкты окуган студенттердин арасында окуу жайыбыздын гуманитардык факультетинин батыш тилдер бѳлүмүнүн англис тили жана адабияты программасынын 4-курсунун студенти Элянур Гуламидинова жана экономика жана башкаруу факультетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Баяман Таалайбеков да президенттин колунан стипендияга татыды.

Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылып келет. Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 80 студент президенттик стипендияга ээ болушту.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү