«Достук» ооруканасы менен кызматташуу


  • 2021-12-15

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Кыргыз-түрк "Достукооруканасы ортосунда ѳз ара кызматташуу келишими түзүлдү.
Келишимге КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана Кыргыз-түрк "Достукооруканасынын административдик жана каржылык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Өзгүр Челеби кол коюшту.
Келишимдин максаты - Кыргызстанда саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин квалификациясын жана потенциалын жогорулатуу максатында тийиштүү багыттар боюнча окуу-өндүрүштүк иштерди жүргүзүү.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү