Кумамото университети менен кызматташтык чыңдалууда


  • 2021-12-17

Үстүбүздѳгү жылдын 17-декабрында Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен Япониянын Кумамото университети ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү максатында жолугушуу болуп ѳттү.

Жолугушуу онлайн форматта ѳтүп, анда эки окуу жайдын расмий ѳкүлдѳрү “Манас” университетинде эл аралык деңгээлдеги изилдөөлөр жыл сайын ѳсүп жатканын баса белгилешти. Ошондой эле азыркы учурда Табигый илимдер институтунун ишке ашырылып жаткан кош дипломдук программаларына Коомдук илимдер институтунун программаларын да киргизүү керектиги боюнча пикир алышты.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү