Студенттер үчүн багыт берүү программасы ѳттү


  • 2021-12-17

Үстүбүздѳгү жылдын 17-декабрында коммуникация факультетинин даярдоо курсунун студенттери үчүн “Багыт берүү программасы” уюштурулду.

Иш-чаранын ачылыш сѳзүндѳ коммуникация факультетинин деканынын орун басары, профессор Мехмет Сезайи Түрк факультеттин студенттеринин абдан маанилүү миссиясы бар экенин жана алар Түрк дүйнөсүнүн өсүп келе жаткан жаш өкүлдөрү экенин баса белгилеп, окууларына ийгилик каалады.

Андан кийин студенттер үчүн бөлүмдөр тууралуу тааныштыруу тасмасы көрсөтүлүлүп, окутуучулар менен таанышуу болду. Ошондой эле факультеттин бүтүрүүчүлөрү ийгилигинин сырлары менен бѳлүшүп, кызыктуу тажрыйбаларын айтып беришти.

Кечеде КТМУнун коммуникация факультетин бүтүрүп, учурда аталган факультетте окутуучулук кесибин аркалап жаткан профессордук-окутуучулар курамына ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

 

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү