Университеттер ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү


  • 2021-12-20

Үстүбүздѳгү жылдын 20-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Анкара Коомдук илимдер университети, Селчук университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу жана Афьон Кожатепе университети менен Эразмус+ стипендиялык программасы боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду.

Келишимге КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, Афьон Кожатепе университетинин ректору, профессор Мехмет Каракаш, Анкара Коомдук илимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжан жана Селчук университетинин ректору, профессор Метин Аксой кол коюшту.

Келишимдин максаты – окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдѳѳ иштерин жүргүзүү, студенттердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, ошондой эле кызматташтыктын алкагында маданий, илимий иш-чаралар уюштуруу иштери каралган.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү