Ректор “Маданияттын мыкты кызматкери” тѳш белгиси менен сыйланды


  • 2021-12-21

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилишине жана анын дүйнөлүк аренага таанылышына жана Кыргыз Республикасынын маданият тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Түркия Улуттук жыйынынын 100 жылдык жана КТМУнун 25 жылдык маарекесине арналган “Түрк мамлекеттериндеги коомдук кайра түзүүлөр” аттуу Эл аралык симпозиумдун жүрүшүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов аталган сыйлыкты тапшырды.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө: “КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан ыйгарылган бул сыйлык - мен үчүн сыймык жана мындан ары да жоопкерчиликтүү эмгектенүүгө шыктандырат. Кыргыз өлкөсү менен Түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн кызмат кылууга болгон күч, дараметибизди жумшап, эң жогорку көрсөткүчтөргө жетүүнү көздөйбүз. Кыргыз өлкөсү менин да мекеним.   “Манас” университетинин атынан боордош кыргыз элине, ошону менен катар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирем”, - деди.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү