Ректорго "Эгемендүүлүк каарманы" төш белгиси ыйгарылды


  • 2021-12-25

"Жылдын мыктыларын" аныктаган иш-чарада  ректор, профессор Алпаслан Жейлан "Эгемендүүлүк каарманы" төш белгиси менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын “Эркин Тоо” гезиттинин мамлекеттик расмий гезити “Жылдын мыктысы-2021” долбоорунун алкагында 2021-жылдын 25-декабрында жыл мыктысын тандап, жыл жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чарасын белгиледи.

Ар бир жылдын соңунда "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезити өлкөбүзгө салымын кошкон ар тармактын өкүлдөрүнѳ "Жылдын мыктысы" номинациясын тапшырып, жылды жыйынтыктайт. Быйылкы 2021-жыл Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына ѳзгѳчѳлѳнтүп, жыл соңунда "Эгемендүүлүк каарманы" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Кыргызстанда билим тармагына жогорку деңгээлде кошкон салымы үчүн Кыргыз- Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан "Эгемендүүлүк каарманы" сыйлыгына ээ болду.

Аземде “Эркин Тоо” гезитинин редактору Бахпурбек Аленов жыл мыктыларын куттуктап, университеттин ректоруна “Эгемендүүлүк каарманы" тѳш белгисин тапшырды.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү