КТМУнун окутуучулары жаш окумуштуулар конгрессине катышты


  • 2021-12-24

Үстүбүздѳгү жылдын 23-24-декабрь күндөрү Түрк дүйнөсүнүн жаш окумуштууларынын Эл аралык конгресси Түркиянын борбору Анкара шаарында жайгашкан Президенттик Улуттук китепканада өттү. Иш-чара Жаш Окумуштуулар Биримдиги тарабынан уюштурулуп, анда түрк мамлекеттериндеги жогорку окуу жайлардын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Ага Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экономика жана башкаруу факультетинин декандын орун басары, доц.м.а Сейил Нажимудинова, доц.м.а Азамат Максүдүнов, ага окутуучу Муратали Абдылдаев, кенже илимий кызматкер Өмер Фарук Караман жана Адилет Идрисов катышты.

Ошондой эле конгресске тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) вице-президенти Рахман Нурдун, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын башчысынын орун басары Сайыт Юсуф катышты.

Конгресстин жүрүшүндө КТМУнун окутуучулары OSTIM Технопаркы менен таанышты.

Белгилей кетсек, илимий иш-чарага 15 өлкөдөн 80 окумуштуу келген.                  

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү