Студенттик клубдардын жарманкеси уюштурулду


  • 2021-12-27

Үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында окуу жайдын студенттик клубдарын тааныштыруу максатында Студенттик кеңеш тарабынан жарманке уюштурулду. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги да катышты.

Жарманкеде 20дан ашык студенттик клубдар тааныштырылды жана клуб ѳкүлдѳрү студенттерге жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, жаңы мүчөлөрдү каттоого алды.

Иш-чаранын жүрүшүндө ректор, профессор Алпаслан Жейлан окуу жайдагы бардык шарттар студенттер үчүн түзүлгөнүн белгилеп, жаңы идеяларды ишке ашырууда жетекчилик тараптан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөѳрүн баса белгилеп айтты.

Андан кийин “Медиа Манас” борборунун мүдүрү Бүлент Намал университетте жыл сайын илимий, маданий жана спорттук иш-чаралар ѳсүп жатканын жана мындай иш-чаралар окуу жайдын таанылышына салымын кошоорун баса белгиледи. Ошондой эле “Медиа Манас” борборунун чыгармачылык тобу студенттик клубдардын таанытуу тасмаларын тартып береерин кошумчалады.

Андан кийин Студенттик кеңештин төрагасынын орун басары Осман Йигин иш-чаранын максаты студенттер менен клубдардын ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана байланышты чыңдоо экенин айтса, студенттик кеңештин президенти Улук Абдибакиров студенттик ийримдер жана иш-чаралар студенттердин ар тараптан ѳнүгүшүнѳ салым кошуу үчүн жүргүзүлүп жатканына токтолду жана студенттик кеңештин клубдар боюнча координатору Мухаммед Кузу студенттерди кызыккан тармактары боюнча ийримдерге мүчө болууга чакырды.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү