ТүркПАнын Башкы катчысы КТМУга келди


  • 2022-01-13

Үстүбүздөгү жылдын 13-январында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр баштаган делегация университетке келди.

Жолугушууда Сүрейя Эр мырза ѳз сѳзүндѳ университеттин азыркы учурдагы өнүгүп жаткан иши боюнча маалымат алып, келечекте окуу жайга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди:

"«Манас» университети баарыбыз сыймыктана турган окуу жайга айланды. Университеттин бүтүрүүчүлөрү менен көп иштештим. Бизге мындай мүмкүнчүлүк түзгөн жалпы жамаатка терең ыраазычылык билдирем. Мындан ары да байланыштарды ѳнүктүрүүдѳ колдоолор кѳрсѳтүлүп турмакчы".

Ал эми биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев учурда иш сапары менен Түркияда жүргѳн ректор, профессор Алпаслан Жейландын саламын айтып, Түрк Кеңеши, ТүркПа, ТҮРКСОЙ уюмдары менен кызматташып келатканын жана биргелешип Түрк дүйнѳсүнѳ кызмат кылуу сыймык экенин баса белгиледи.

Жолугушуудан кийин Мехмет Сүрейя Эр мырза «Медиа Манас» борборунда «Манас ФМ» радиосунун коногу болуп, угармандарга ТүркПАдагы Баш катчылык кызматы тууралуу айтып, келечекте Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы соода байланышын ѳнүктүрүп, жаштарга ар тараптан колдоо кѳрсѳтүлѳрүн баса белгиледи.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү