Кинорежиссер А.Сүйүндүков университет жетекчилери менен жолукту


  • 2022-01-19

Үстүбүздѳгү жылдын 19-январында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин сыймыгы, Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссер, коммуникация факультетинин ага окутуучусу Артыкпай Сүйүндүковдү университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев кабыл алып, сыйлыгы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, жакында эле А.Сүйүндүков Түрк дүйнөсүнүн “Коркут Ата” кинофестивалында "Шамбала" тасмасы менен "мыкты режиссёр" сыйлыгына, ал эми Лос-Анжелес шаарында ѳткѳн Дүйнөлүк Азия кинофестивалында «көрүүчүлөр сыйлыгына» ээ болгон. Ошондой эле А.Сүйүндүков Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Фильмдин улуттук премьерасы 2021-жылдын 26-августунда ѳткѳн. “Шамбала” тасмасы Түркиядан тышкары Орусия, Америка жана Иранда эл аралык кинофестивалдарда бир топ сыйлыктарга ээ болгон.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү