Ректор Дача-Суда ѳткѳн көк бөрү оюнуна катышты


  • 2022-01-29

Үстүбүздөгү жылдын 29-январында Бишкектеги Дача-Су айылында ѳткѳн кыргыздын улуттук көк бөрү оюнуна университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан катышып келди. Оюн Кыргызстандын волейболчусу Ниязбек Гапаров тарабынан уюштурулду.

Окуу жайдын жетекчисин коштоп университеттин салттуу оюн жана спорт изилдөө институтунун мүдүрү, профессор Мехмет Түркмен, туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу, гуманитардык факультетинин окутуучусу, профессор Экрем Арыкоглу, туризм факультетинин туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүнүн башчысы, доцент Мустафа Мурат Кызанлыклы, саякат иши жана гид кызматы бөлүмүнүн окутуучусу Уланбек Алимов, тышкы байланыштар бюросунун мүдүрү Кадри Аггүн жана студенттер барышты.

Ректор ошондой эле жергиликтүү айыл тургундары менен жолугушуп, баарлашып кайтты.

Ар ишемби күнү айыл ичинде көк бөрү оюну ѳткѳрүлүп, оюн аянтчасынын жанында кыргыздын улуттук кийимдери, ашканасы, поэзия жана музыкасы, ошондой эле кол өнөрчүлүгүн тааныткан кѳргѳзмѳ иш-чаралары уюштурулуп жана ага чет жерден келген туристтер кызыгуу менен катышып жатканын «Медиа Манас» борборуна У.Алимов билдирди.

Белгилей кетсек, КТМУда салттуу спорт оюндарын илимий жактан изилдөөгө жана аны даңазалоого, айрыкча жаштар арасында кеңири жайылтууга чоң маани берилип келатат. Жакында Ч.Айтматов атындагы кампуста салттуу спорттук жана оюн машыгуу аянтчалары ачылат.

 

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү