Студенттер үйү мүдүрлүгүнөн кулактандыруу


  • 2022-02-03

2021-2022-окуу жылында жатаканада жашоого укуктуу болуп, жатаканага жайгаштырылган, бирок карантинге байланыштуу 2022-жылдын 11-январында үйлөрүнө кеткен студенттер бетме-бет окуу башталгандыгына байланыштуу 2022-жылдын 12-февраль ишемби күнүнөн баштап жатаканага кайра кабыл алынат. Жатаканага кайра жайгашууну каалаган студенттерибизден

  • Негатив ПЦР тест жыйынтыгы,
  • Ковид-19 га каршы үчүнчү вакцинасын алгандыгы тууралуу QR коддуу эмдөө сертификаты,
  • Акыркы 2 ай ичинде Ковид-19 ооруусуна кабылгандар болсо ооругандыгы тууралуу расмий маалымдама талап кылынат.

Карантин учурунда үйлөрүнө кеткен  студенттердин  жатаканадан расмий чыгыш иштери кылынбагандыктан жатаканага жайгаштыруу учурунда QR коддуу эскертме доза эмдөө сертификатынан башка эч кандай кошумча документтер талап кылынбайт жана студенттер мурдагы бөлмөлөрүнө жайгашат. Бирок бул укук 2022-жылдын 11-январына чейин жатаканада каттоодо болгон гана студенттер үчүн жарактуу. Бул мөөнөткө чейин жатаканада жашабаган жана резервдик тизмеде болгон студенттердин жатакана талаптары алардын резервдик тизме тартибине ылайык аткарыла берет.

 

Жатакана мүдүрлүгү

    Социалдык медиада бөлүшүү