Манаста кышкы спорт оюндарынын мелдештери башталды


  • 2022-02-07

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 25 жылдык мааракесине арналган спорттук оюндар башталды.

Спорт илимдери факультети тарабынан «Спорт – ден соолуктун жана достуктун булагы» деген ураан менен жыл сайын салтка айланып калган университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери арасында уюштурулчу кышкы XII “Ден соолук” спорт оюндарынын мелдештери старт алды.

Спорт оюндары 7-февралда башталып, 12-майга чейин КТМУнун спорт залдарында жана аянтчаларында волейбол, тогуз коргоол, үстөл тенниси, шахмат, жеңил атлетика, футбол жана таяк тартыш боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Учурда университеттин факультеттеринин, жогорку мектептеринин жана башкармалыктарынын академиялык жана административдик кызматкерлеринен түзүлгөн командалар биринчилик үчүн ат салышууда.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/lang-ky/4042-manasta-spor-oyunlar-balad.html

    Социалдык медиада бөлүшүү