Семинар: Түркия стипендиялары-2022


  • 2022-02-10

10-февралда кесиптик жогорку мектеби тарабынан “Түркия стипендиялары-2022” программасына тапшыруу боюнча онлайн семинар болуп өттү.

Семинарда Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын адиси Салиха Дурсун Түркияда акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн берген Түркия стипендияларына тапшыруунун жолдору, мүмкүнчүлүктөрү, шарттары жана талаптары тууралуу кенениреек маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан жарандары үчүн Түркиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде бакалавр, магистратура жана PhD-докторантура багыттарында билим алуу мүмкүнчүлүгүн берген «Түркия стипендиялары 2022» программасына каттоо жүрүп жатат. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, каттоо 10-январда башталган, 20-февралга чейин созулат.

Түркия стипендияларына тапшыруу үчүн кеңири маалыматты тѳмѳнкү шилтемеден окуй аласыз:

https://www.turkiyeburslari.gov.tr/announcements/turkiye-scholarships-2022-applications-19

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү